Министр чуу жараткан эки ырчы менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Н. Кадырбеков эстрада ырчысы Курал Чокоев жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев менен жолугушуп, баарлашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

«Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, жаңы муун арасынан мыкты таланттарды таап, эл аралык деңгээлге алып чыгуу менен, кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу идеялары талкууланды. Министр менен эстрада ырчылары фонограмма көйгөйүн чечүү, массалык маданиятка жарандардын кызыгуусун арттыруу боюнча да пикир алмашты. Артка кылчактабай, эл-журтубуз үчүн мыкты, пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча жалпы позиция такталды», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Курал Чокоевдин чет элдик көрсөтүүлөрдү туураган долбоору чыгып, аны интернет колдонуучулар катуу сынга алышкан. Ырчы Кайрат Примбердиев жана Кайрат Кыргыз катышкан бул долбоордо коомго жат, адепсиз сөздөр айтылат.