Кызыктуу

Министрдин алган эмдөөсү жөн эле шоубу?

Бүгүн, 29-мартта вакцинанын биринчи дозасын биринчилерден болуп шаардагы №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунда саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Аалымкадыр Бейшеналиев жана анын орун басарлары алышкан.

Эмдөө учуру түз эфирде көрсөтүлдү. Анда мед айым кол кабы, бет кабы жок министрди эмдегенин көрүүгө болот. Жыйылган журналисттер эшиги ачык бөлмөдө 2 метр аралыкта карап турушту.

Мындан улам калктын активдүү катмары социалдык тармактарга күмөн жараткан эмдөө тууралуу ойлорун жазышууда. «Эмнеге кайсы вакцинаны сайып жатканы даана көрсөтүлгөн жок?», «эмнеге эмдөө процессин атайын адис сүйлөп, комментарий берип турган жок?», «эмнеге эмдөө палатасы айнек менен жабылган жерде болгон жок?», «ишенген жокмун, бул шоу» деген өңдүү ойлорун жазышууда.

Яндекс.Метрика