Кызыктуу Саясат

Мирбек Атабеков Бабановду эмне себептен колдоп чыкканын айтып берди

Ырчынын айтымында, экс-премьер-министр татыктуу адам.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков Vesti.kg сайтынын редакциясына эмне үчүн камакка алынган экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду колдоону чечкендиги тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, ага ар дайым Бабанов татыктуу жана адекваттуу адамдай сезилген.

«Ал ар дайым татыктуу жана адекваттуу адамдай сезилген» деди Атабеков өз маегинде.

— Мен анын коррупцияга аралашканынан күмөн санайм. Биз бири-бирибизге эч нерсе карыз эмеспиз жана милдеттүү эмеспиз. Мен аны билем, ал ар дайым кызматкерлерине жана мага адамгерчиликтүү мамиле кылчу.» — деген Атабеков.

Эскерте кетсек, жакында эле Атабеков өзүнүн Инстаграм баракчасында Бабановдун сүрөтүн жүктөп аны күнөөлүү деп эсептебей тургандыгын жазып чыккан.

Бул социалдык тармактарда хайп жаратып, түрлүү пикирлер айтыла баштаган.

Яндекс.Метрика