Жаңылыктар

Мирбек Атабеков Кыргызстанга кайтып келди

Жаңы жылдык майрамдарда өлкөдөн чыгып кеткен ырчы Мирбек Атабеков Кыргызстанга кайтып келди.

7-8-мартта ал Бишкектеги ресторандардын биринде Аялдардын эл аралык күнүнө карата концерт берет. Иш-чаранын уюштуруучулары Атабеков Кыргызстанга келгенин тастыкташты. Алардын айтымында, ал 4-мартта келген.


Эске салсак, ырчынын жубайы Мээрим Толепберген 4-январда Твиттердеги баракчасына алар өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу билдирүү жарыялаган. Атабековдун күйөрмандары анын эмиграцияга кетип калуусунан чочулашкан.

Яндекс.Метрика