Саясат

Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров кызматынан тапшыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев билдирди.

“Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары  катары жакшы иштеп берди, тажрыйба топтоду. Өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөтө алды. Ал өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечим кабыл алды. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын саясий кеңешинин чечиминин негизинде Уланбек Исмаилов ЖК  Төрагасынын орун басарлыгына көрсөтүлдү. Бул чечимди «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаттары сурамжылоонун негизинде колдоп берди”,- дейт Төбаев.

Яндекс.Метрика