Окуялар

Мода кууган бир кыздын үлгүлүү окуясы…

Бир киши өзүнүн кызын таалим берүүнү ойлонгон жок эле. Кала берсе ага өтө көп акчаларды карматып, мода кийимдерди алып берчү. Чоңойгон кезинде ал өтө сулуу кыз болду. Бойго жеткенде ал кыз каза болуп калды.

Ал киши: «Мен түшүмдө кызымдын кандай абалда экендигин көрсөм экен»-деп арзуу кылды. Бир күнү ал түшүндө өз кызынын кабырынын үстүндө турганын көрдү. Кокустан эле кызынын кабырынын үстү ачылды. Караса кызы кийимсиз,жылаңач турган экен.Ал уяттуу жерин жаап-жашырды,бирок анын абалы өтө кокунучтуу эле.Анын башында чачы жок жана түрү суук.Ал:»Кызым!сага эмне үчүн мындай мамиле болуп жатат?»-деп сурады.

Кызы башын мыкчып: Ата,мен пардасыз  жүрчүмүн,кабырга келгенимде,башымды тоодой чоң кылып салышты,ар бир чачымды,тамырлары жердин түпкүрүнө кеткен дарактай чоң кылды,андан кийин периштелер  келип даракты жерден жулуп алгандай  менин ар бир чачымды жулушту.Ата менин ар бир чачымды жулгандыктан менин башымдын ичи чукур болуп калды.Ошол себептен,менин башымдын териси да сыйрылып түшүп калды,акыры көрүп турган бир гана сөөк калды -деп өкүнө жооп кайтарды.  Атасы:»Кызым,сенин бетиң да жок го?»-деди.Ал:»Ата,сиз көрүп турасыз,менин тишим гана көрүнүп турат,эриндерим жок,себеби эриндериме памада сүйкөөр элем,аны кетирбестен даарат алып намаз окучумун.

Периштелер келишип:»Сен даарат алганыңда көңүл койчу эмессиң,гусулуң да болбойт эле»-деп,менин эриндеримди тартышты.Памаданын аркасынан үстүңкү жана астыңкы эриним кесилип калды,ошол себептен сиз менин отуз эки тишимди көрүп турасыз»-деди.Атасы:»Кызым,мен сенин колдоруңдун манжаларынын  жарадар болгонун көрүп турам»-деди.Ал:»Ата мен тырмагыма лак койот элем.Периштелер келип:»Сенин тырмактарыңды жулабыз»- дешип,ар бир тырмагымды түп тамырынан жулуп салышты».Сиз мени өтө жакшы көргөнүңүздөн,мен үчүн баарына даяр болдуңуз,сиз мени падышанын  кызындай кылып карадыңыз.

Аттиң атаке,сиз мага динди да үйрөтүп жакшылык кылганыңызда,бүгүнкү күндө мен ушул азапка түшмөк эмесмин-деп шолоктоп,ыйлап ыйлап сөзүн аяктады.

 Кайсы бир аял өзүн чоочун эркектерге көрсөтүү максатында боенсо  Аллах Таала каргыш айтат.

Үйдө күйөөсүнө жагынуу максатында боенсо шарият уруксат берет.

takyba_ayal_kg

Яндекс.Метрика