Дүйнөдө

Москва метросунда төрөгөн кыргыз жараны баласынан баш тарткан эмес

Москва метросунда төрөгөн 29 жаштагы кыргыз жаранына Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин өкүлү барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиришти.

Ал анын дарылоочу дарыгери жана Москва шаарындагы клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары менен жолугушкан.

Дарыгерлер эне менен баланын абалы канааттандырарлык экенин тастыкташты. Экстремалдык шартта төрөлгөн баланын ден-соолугу жакшы. Төрөгөн кыздын туугандары ал «баланы таштайм» деген маалыматты четке кагышты.

Эске салсак, 29 жаштагы кыргызстандык У.К. 9-декабрда Москва метросундагы Электрозаводская станциясында төрөгөн. Төрөттү полиция кызматкерлери кабыл алышкан.

Яндекс.Метрика