Видео Дүйнөдө

Москвада боюнда бар кыргыз кызы көчөдө калган видео жарыяланды

Москвада кош бойлуу кыргызстандык аял документи жана акчасы жок көчөдө калган. Аны менен болгон видеону өзүнүн TikTok каналына «Люди» бейөкмөт уюмунун ыктыярчысы Вероника Никонова жарыялаган. ⠀

Ыктыярчы селсаяктарга ысык тамак таратып жатып анын көңүлү кара күрмөчөн ​​аялга бурулган. Ал кош бойлуу экенин жана күйөөсү үйдөн кууп чыкканын айткан. Ал ошондой эле Кыргызстандан экенин, бирок документтеринин жана акчасынын жоктугунан мекенине кете албай жатканын айткан.

Кыргызстандык аял элчиликке кайрылган, бирок алар анын документтерин калыбына келтирүү үчүн 10 миң рубль талап кылышкан. Анын андай акчасы жок болгондуктан ар кайсы жерде түнөп, жашоосун улантып келген. Сөзүнүн аягында аял учурда станциянын жанында түнөп жатканын кошумчалады. ⠀

Белгилей кетсек, видео 30-октябрда жарыяланган. Видео социалдык тармактарга бат эле тарап, түрлүү пикирлер айтылууда.

Видео:

Яндекс.Метрика