Жаңылыктар

Москвада эл аралык издөөдө жүргөн 5 Кыргызстандык кармалды

Москвада эл аралык издөөдө жүргөн 5 Кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын ички иштер министрлигинен билдиришти.

Алар алдоо жолу менен башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алып, изин жашырып кеткип, жабырлануучуларга көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратып, алдамчылык менен издөөдө жүргөн жана бүтүндөй бир үй-бүлөнү өлтүрүүгө кол салып мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жана башка жарандар.

Чүй облусунун 1992-жылы туулган Н.Т. аттуу жашоочусу ири өлчөмдө жасалган алдамчылык үчүн 2020-жылдын август айынан бери издөөдө жүргөн.

Чүй облусунун 1989-жылы туулган М.А. аттуу жашоочусу 2019-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.


Жалал-Абад облусунун 1993-жылы туулган Н.М. аттуу жаран 2019-жылы издөөгө алынган. Ал 2019-жылы августта курч предмет менен Сузак районунун айылдарынын биринин жашоочусунун үйүн кирип, 1965-жылы туулган жарандын, 1995, 1996 жана 1994-жылы туулган жаш адамдардын денесине оор жаракаттарды келтирген.

Баткен облусунун 1985-жылы туулган М.К. аттуу жашоочусу 2019-жылдан бери ЭККМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 304-беренесинин 2-бөлүмү менен 329-беренесинин 1-бөлүмү боюнча мамлекеттер аралык издөө жарыялаган.

Жалал-Абад облусунун 1974-жылы туулган жашоочусу Г.Ш. 2020-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Бул жаран 2015-жылы күзүндө алдоо жолу менен материалдык пайда табуу максатында Ж.Н аттуу жаранды мүлкүн ээлеп алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен.

Яндекс.Метрика