Жаңылыктар

Москвада караоке-барда кыргыз кыздары арасында мушташ болду

Москва шаарынын ортосунда жайгашкан ресторанда кардарлар ортосунда мушташ орун алып, учурда укук коргоо органдары иликтөө жүргүзүп жатышат.

Маалыматка ылайык Фридрих Энгельс көчөсүндө жайгашкан караоке-барда кыргыз жарандары эс алып жатышкан. Бардан чыгып баратканда эки кыздын ортосунда айтышуу болуп ал мушташка өткөн. Аларды башка кардарлар арачалап токтотуп калышкан. Полиция келгенден кийин кыздар бири-бирине доосу жок экенин билдиришкен. Мушташ орун алган жердеги видеону Рен тв каналы чыгарды.

Яндекс.Метрика