Жаңылыктар

Москвада кармалган кыргыз жаранын тажиктер туткун кылат

Кыргыз жараны Эсен Мажитовду Тажикстан экстрадициялап өздөрүнө туткун кылып жатканда Кыргыз бийлиги буга кайдыгер карабашы керек. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Тышкы иштер министрлигинин имаратынын алдында аны бошотууну талап кылган митинг өтүп жатат.

Тышкы иштер министрлигинин алдында чогулган он чакты адам “Мажитовго боштондук”, “Өлкө үчүн ар бир жаран баалуу”, “Эсен баатыр, чек арачы” деп жазылган кагаздарды көтөрүп турушат.

“Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат бул ишке көңүл буруп, расмий билдирүү жасашы керек. Мажитовду Тажикстанга экстрадиция кылганга жол берилбеши абзел. Андай болсо Мажитовду Кыргызстанга кайтаруу кыйын болуп калат”, — деди чогулгандардын бири.

Эске салсак Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургуну Эсенбай Мажитов 18-апрелде Орусияга жумуш издеп барып, учактан түшөрү менен полицияга кармалган. Буга чек аралаш айылдын тургунуна Тажикстандын «оор кылмышкер катары эл аралык издөөгө жарыялаганы» себеп болгон. Маалыматка ылайык, Мажитов Төмөнкү Новгороддо кармалган.

Расмий Дүйшөмбү оор беренелер менен издөөгө алынган Эсенбай Мажитовду Тажикстанга экстрадициялоо өтүнүчүн келтирген.

Яндекс.Метрика