Видео Кызыктуу

Москвада курьер болуп иштеген Кайрат Орусиялык тасмага тартылып жылдызы жанды

Кыргызстандык Кайратбек Нурбол уулу Россиялык «Жакын аралыкта» тасмасына тартылды. Тасмада мурда суроо-талапка ээ болгон актриса Инга үйүндө мигрант-курьер баланы калкалагандыгы тууралуу айтылат.

Григорий Добрыгин режиссёрлук кылган тасмада башкы ролду актриса Ксения Раппопорт ойногон. Тасма Россияда 28-октябрда прокатка чыгат. Добрыгин Кайратбекти чыныгы курьердик кызматтан тапкан.

«Курьерди актер ойнобойт, бирок азыр ал тасмага тартылгандан кийин актёр болуп калды. Мен тамак-аш жеткирүүчү компанияга жумушка орношкондо, чабармандар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк алдым. Ал жерде 3 миңге жакын адам бар экен. Мен жөн гана алардын аватарын карап тасмага актёр издеп жүргөм. Мен Кайратбек Нурбол уулун көрүп, ал туура келерин түшүндүм. Агентиме ага жазууну сурандым, ал көпкө чейин байланышка чыкпай жүрдү, анан жолуктук.

Тилекке каршы, биз аны тасмага тарткандан кийин жоготуп койдук, ал байланышка чыкпай жатат»,- деди Добрыгин «Кечки Ургант» программасынын эфиринде. Ксения Раппопорт дагы Кайратбек Нурбол уулу өзүн тажрыйбалуу актёрдой алып жүргөнүн белгиледи.

Яндекс.Метрика