Дүйнөдө

Москвада курьер болуп иштеген кыргыз жараны жергиликтүү тургунду башка чапкан

Москвада жаш жигитке кол салган деген шек менен япон ресторанында курьер болуп иштеген иштеген кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Россиянын басылмалары жазышты.

Алардын айтымында, окуя 2021-жылдын 17-январында Талалихин көчөсүндө болгон. «Япон ресторанда курьер болуп иштеген 22 жаштагы кыргызстандык 24 жаштагы москвалыкка кол салган. Кар тазалоочу щетканы курал катары колдонуп каршылашынын башына урган. Натыйжада жабырлануучу баш сөөгүнөн жаракат алган», — деп айтылат билдирүүдө.

16-февралда оперативдик кызматкерлер курьердин кол салууга тиешеси бар экендигин далилдешкен, ал күнөөсүн мойнуна алган. Ден-соолукка атайылап зыян келтирүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Яндекс.Метрика