Москвада кыргыз айдоочуну өлтүргөн адам 11 жылга соттолду
Талдом райондук соту 50 жаштагы Москва шаарынын тургуну Игорь Волковду Кыргызстандан барган таксистти өлтүргөндүгү үчүн катуу режимдеги колонияга 11 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Россиянын басылмалары жазып чыгышты.

Киши өлтүрүү февраль айында Москва облусунун Талдом районунда болгон. Кечке маал кыргызстандыкка чалуу келип, унаага улгайган адам отурган. Сапар учурунда жүргүнчү менен таксист сүйлөшүп калышат.
Айдоочу өзүнүн тагдырына жана акчанын жоктугуна нааразы боло баштады. Кыргыз баланын сөзүн уккандан кийин ага сунуш кылган: Ал автоунаасын 200 миң рублге сатып алып, тетиктерге бөлүп салмак. Ал эми айдоочу «машинамды уурдап кетишти» деп арыз жазмак. Айыпталуучунун айтымында, айдоочу буга макул болгон.
Алар Тверь облусуна барышкан, ал жерде кылмышкер автоунааларды чачуу үчүн ижарага алган гаражы болгон. Бирок, алардын ортосунда келе жатып акчага байланыштуу жаңжал чыккан. Игорь револьвер алып чыгып атаандашына үч жолу ок чыгарган. Ал ошол жерден көз жумган. Ал сөөктү көчөгө ыргытып, унааны өзүнүн гаражына айдап барган. Бул факт боюнча күч түзүмдөрү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» жана «Уурулук» беренелери боюнча кылмыш ишин козгошкон.
Көп өтпөй кылмышкер ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган. Тергөө учурунда ал киши күнөөсүн мойнуна алган жок, ал өлтүрүлгөн кыргызстандыкты күнөөгөн. Соттолгон адамдын айтымында, айдоочу ага кол салып, акчасын алгысы келген.