Видео Дүйнөдө

Москвада кыргыздар менен тажиктердин ортосунда массалык мушташ орун алды

Москвадагы Вернадский проспектисиндеги кафеде жаңжал болуп, андан кийин алты адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Иллюстрация

Маалыматка караганда, мушташ Москвадагы кафелердин биринде болгон. Жыйынтыгында 6 жаран ооруканага түшүп, 9 жаран тергөө иштерине байланыштуу полиция бөлүмүнө жеткирилген.

«Жаңжал тууралуу маалымат полицияга кечинде келип түшкөн. Айтылган дарекке полиция кызматкерлери барып, жарадар болгон 6 жаранды «Тез жардам» кызматы менен ооруканага жеткиришкен.

Ал эми кармалган жарандын ичинен экөө миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылса, жетөө майда бейбаштык боюнча айыпталууда. Учурда тергөө иштери уланып жатат. Укук коргоо органдарынын айтымында, жаңжалга жалпы 15 адам катышкан. Алар Кыргыз жана Тажик жарандары», — деп жазылат маалыматта.

Яндекс.Метрика