Дүйнөдө

Москвада кыргызстандык аял топ балдар тарабынан зордукталып каза болду

Москвада кыргызстандык 36 жаштагы келин топ балдар тарабынан зордукталгандан кийин каза болгонун REN TV телеканалы жазды.

Окуя борбор калаанын Волгоградский проспектинде, үйлөрдүн биринин кире беришинде (подъезд) болгон. Кызды алты адам зордуктаганын коңшулар тез жардам кызматкерлерине билдиришкен.

Иллюстрация

Алар аялды сабап да салышканын айтышкан. Жабырлануучу эс-учун жоготуп, комада ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер ага этанол менен уулануу деген диагноз коюшкан. Мындан тышкары, кыздын мурду сынган. Ал мас болчу.

Жабырлануучу 28-февралда реанимацияда каза болгон. «Кылмышка шектүү эки адам буга чейин кармалган, алар кыргыз улутундагы эркектер. Экөө тең азыр Москвада достору менен жашашат», — деп айтылат маалыматта.

Яндекс.Метрика