Муфтий болууга 8 кишиден арыз түштү. Тизме
Муфтий болууга 8 киши арыз тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши билдирди. Кызмат ордуна 8 талапкер ат салышууда:

1. Нурбек Токтогулов
2. Сайдамир Джейналиев
3. Султанали Гапуров
4. Убайдулла Сарыбаев
5. Шүкүр Исмаилов
6. Шакир Маматов
7. Нематилла Жээнбеков
8. Ниязали Арипов.
Документтер иликтөөдөн өткөндөн кийин 29-30-31-март, 1-апрель күндөрү Каттоо жана аттестациялоо комиссиясы талапкерлердин билим деңгээлин жана кесипкөйлүгүн текшерүү максатында сынак өткөрмөкчү.
Аалымдар Кеңешинин VII чакырылышынын мүчөлүгү, муфтийликке жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагалыгына сынак быйыл 17-февралда жарыяланган.
Быйыл 10-февралда УКМК мурдагы муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.