Жаңылыктар

Муфтий Максат ажы Токтомушев кызматтан кеткени айтылууда

Бүгүн, 10-февралда Кыргызстандын муфтийи  Максат Токтомушев кызматтан кеткени айтылууда. Буга чейин Муфтияттагы коррупциялык иштер боюнча маалыматтар тараган.

Жаңы муфтийди айлоого байланыштуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын айланасында ызы-чуу күч алган.

Былтыр үзгүлтүккө учураган ажылыктын айынан зыяратчылардан чогултулган 15 млн. долларга чукул акчанын отчету берилбей жатканына байланыштуу экенин муфтияттын башка кызматкерлери айтышкан. Андан мурун бир аял жер тилкесин сатып, акчасын алдап, бербей жаткан адамга муфтий ортого түшкөнүн айтып, бул кыңыр иште ал жана башка таасирдүү адамдар турганын жарыялаган.

Муфтий Максат ажы Токтомушев мунун бардыгы алдыдагы шайлоого байланыштуу жалаа экенин, коюлуп жаткан ар бир дооматты четке кагып, жооп берерин билдирген.

Максат ажы Токтомушев 2017-жылы 4-апрелде мусулмандардын Бишкекте өткөн VI курултайында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы болуп шайланган. Ал үчүнчү ирет муфтийликке талапкерлигин койорун билдирген.


Яндекс.Метрика