Жаңылыктар

Муфтият 2022-жылдагы садака фитрдин өлчөмүн жарыялады

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 2022-жылдагы садака фитрдин өлчөмүн жарыялады. Садака-фитирди берүү (белгиленген өлчөмдө) ар бир колунда бар адамга важиб. Анткени Пайгамбарыбыз алейхис салам “Садака-фитирди чоңу-кичинесине, аял-эркегине карабастан ар бир жанга берүү керек” — деп бекиткенин азирети Умар айткан.

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы өлкө боюнча 2022-жылга карата садака-фитирдин баасын бекитти.

Эскертүү: Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел. Бааларды туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.

Уйдун зекети. Ар бир мусулман пенденин бодо малы 30 (отуз) уйга жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо бир жаштан ашкан кунаажын зекет катары берилет.

Топоздон дагы зекет берилет. Анын өкүмү уйдун зекетинен эч айырмаланбайт.

Кой, эчкинин зекети. Ар бир мусулман пенденин майда малы 40 (кырк) койго же 40 (кырк) эчкиге жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, ошондо 1 кой же 1 эчки зекет катары берилет.

Төөнүн зекети. Ар бир мусулман пенденин төөсү 5 (беш) төөгө жетип, алты айдан ашык жайытта багылса, 1 кой зекетке берилет. 10 (он) төөгө жетип калса 2 кой ж.б.

Жылкынын зекети. Ар бир мусулман пенденин күнүмдүк жашоого колдонулбаган, алты айдан ашык жайытта багылган, арасында кеминде 1 ургаачысы бар жылкыларынан зекет берилет. Бир же андан көп жылкынын баасы алтын эсеби менен (нисабка) зекет берүү өлчөмүнө жетсе кырктан бири зекетке берилет.

Бул мал жандыктардын зекетинин өлчөмүнүн башталышы. Мал көбөйгөн сайын зекет эсептери өзгөрөт.

Эскертүү: Зекет күнүмдүк турмушта керектелүүчү нерселерге (үй, унаа, кийим-кече, тамак-аш, идиш-аяк ж.б.) берилбейт. Зекет берүүчү адам зекетти алтындын баасында чыгарабы же күмүштүн баасындабы өз ыктыяры. Бей-бечера муктаждардын пайдасы үчүн күмүштүн баасында чыгаруусу абзел.

Яндекс.Метрика