Видео Жаңылыктар

Мугалим окуучуну сабаган видео тарады. Окуянын чоо-жайы

Сузак районунда орто мектептин мугалими окуучу кызды сабап салды. Видеону Facebook колдонуучусу Бакыт Абдумаликов жарыялаган.

Видеодо мугалим класста окуучуну сабап жатканын көрүүгө болот. Мугалим окуучуга баласы менен тең экенин айтат. Мектеп окуучусунан мугалим аны эмне үчүн сабап жатканын сураганда, аял оозун жабууну талап кылган.

«Окуя Сузак районуна караштуу Сафаровка айылынын №1 Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектебинде 23-майда орун алган. Анда информатика сабагынан мугалим 7-класстын окуучуларына сабак берип жаткан. Учурда Сузак РИИБи тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле Сузак райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан комиссия түзүлдү. 26-майда комиссия жеринде териштирүү иштерин баштайт, жыйынтыгына жараша чара көрүлөт», — дешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, социалдык тармакка сабак учурунда мугалим окуучу кызды урушуп, уруп жаткан видеосу тараган. Жалал-Абад ОИИБи жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатканын билдирген.

Видео:

Яндекс.Метрика