Билип ал Кызыктуу

Муну окугандан кийин ажатканага телефон кармап кирбей каласың

Жакында жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, көпчүлүгүбүз уюлдук телефонго көз карандыбыз жана ал анчалык деле зыяндуу эмес болуш керек деп ойлойбуз. Эгерде сиз жөн гана уюлдук телефону жок ажатканага бара албаган адам болсоңуз, анын канчалык кооптуу экендигин ойлонуп көрүшүңүз керек!

Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, телефондор ажаткананын отургучтарына караганда ыпласыраак — бул далилденген факт.


Мектеп окуучулары арасында жүргүзүлгөн изилдөө учурунда алардын уюлдук телефондору coli бактериялары менен капталгандыгы аныкталды. Бул бактерияны жуктуруп алса, ич катуу жүрүп, башка ичегилерде көйгөйлөр жаралат.

Смартфондор пайда болгондон бери геморрой менен ооругандар көбөйдү!

Чөнтөк телефонуңузга алаксып жатканда дааратканада көп убакыт өткөрүү булчуңдарыңызга кыйынчылыктарды алып келиши мүмкүн. Айрыкча, ичеги-карын, табарсык сыяктуу кээ бир органдар «чөгүп» кетиши мүмкүн, анткени жамбаш түбүндөгү булчуңдар аларды көтөрө албай калат.

Бул ажатканада көпкө отургандыгыбызга байланыштуу, ажатканага көпкө отурууга телефон түрткү болот. Дагы бир статистика, ажатканага телефон менен кирген миң адамдын бешөөсү телефонун колунан түшүрүп алышат. Андыктан дааратканага телефонсуз барсаңыз көп балээден кутулуп, убакытты дагы үнөмдөйсүз.

Яндекс.Метрика