Окуялар

Мурда сүйлөшкөн жигитим менден өч алгысы келип…

Саламатсыздарбы окурман. Менин тагдырым эч кимдин башына келбесин жана кайталанбасын дейт элем. Мындай болот деп уч уктасам түшүмө кирген эмес. Анда 3 курста окучу элем, ойдо эч нерсе жок эле тайэжемдикине келип калдым. Жездем сени өзүбүздүн айылга алып калам деп тамашалап калар эле. Ошондой күндөрдүн биринде мени Улук менен тааныштырды. Апасы эжеси болуп жездемдин үйүнө келип таанышып, анан ата энеме баралы кыз макул болсо дешти. Мен макул болдум. Анткени ошол маалда жигитим менен урушуп жүргөм.

Ошол кезде жигитимдин башка бирөө менен жашап жүргөнүн угуп, өзүмө келе албай жүргөн элем. Экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүзгө 3 жыл болгон. Эрегиштим да Улукка турмушка чыкканга макулдугумду бердим. Ойлодум эгер турмушка чыксам сүйүп  калам, баары унутулат деп.  Убакыт өтүп, Улукту сүйүп калдым.  Анткени анын мага болгон сезими таза, аруу булактай эле. Бирок, баары биз үйлөнгөн күнү башталды. Мурунку жигитим “Ой аның менден калган,ошо үчүн мен аны таштап кеткем, азыр медицина өнүккөн, ага ишенсең эркек эмессиң деп, аябай жинине тийген экен. Мына эми тозок башталды. Күндө уруш талаш, ызы чуу, сен мындайсын сен деген ар ким менен жүргөнсүң деген сөздү укканда күйбөгөн жерим күл болсо да унчукпай жашай бердим. Акыры айла жок, ичимдеги эки айлык бала менен кетип калууга туура келди.

Ишенсеңер бир ай боло элек жатып мага кол көтөрүп сабачу болду. Жолдошум аябай кызганчаак эле, отурушка барган күнү сени тиги карады, неге ага күлүп жооп бересиң, көнүп калгансың да ар ким менен жүрө берип деп, таң атканча уйку жок. Эртеси кайра башталат. Акыры тажадым да төркүнүмө басып кеттим. Ичимдеги бала чоңойуп 7 ай болгондо, ал артымдан келди мен сени сүйөм, сенсиз жашай албайм деп. Акыры ичимдеги бала үчүн аны кечирип жашоого туура келди. Менин жаштыгымда кетирген жаңылыштыгым үчүн бала атасыз өспөсүн деп, аны менен кайра келдим. Калп айтпасам,  эки апта тынч жашадык, анан кайра эле башталды. Бир күнү Таласка анализ тапшырганы барып калдым, жолдошум шаарга жумуштары менен кеткен эле, анан бир убакта ал мага чалды каяктасың деп, анализ тапшырып жүрөм десем 2 саатта барам эч кайда кетпе деп жинденди да телефонду койуп салды. Күтө берип тажадым да үйдү көздөй жөнөдүм , жарым сааттан кийин артымдан келди, көрсө мурунку жигитим сен шаарда жүрсөң аялын бул жакта мени менен жүрөт деп айтыптыр, ошондогу жолдошумдун жинин көрүп кирерге жер таппай калдым. Чынында мен мурунку жигитимди эбак эле унутуп жолдошумду күндөн күнгө сүйүп бара жаткан элем. Ал менден өч алгысы келип ар нерселерди жасап жаткан кези эле.

Жолдошум ичиме да карабай кыкынта баштады, бир убакта эсине келе түштү окшойт, кайра мени сүйөөрүн, менсиз жашай албасын айтып кечирим сурап жатты. Бирок анын көздөрүндө кек  бар эле. Ошондо эрегиштен эр өлөт деген сөзгө ишендим. Эгер мен жигитиме эрегишпей турмушка чыкпай турсам баары башкача болмок беле ким билсин. Эми жолдошум ортодо чайналып аябай кыйналып кетти. Же мага, же ага ишенерин билбей жүргөн кези. Ал эми жигитим турмушка чыкканыма 8 ай болду ошодон бери артымдан калбай келгени келген. Эми жакында балалуу болобуз ошондо жолдошум мени кызганбай бир аз болсо да кызганычы калар деген үмүт менен жашап келем.

One thought on “Мурда сүйлөшкөн жигитим менден өч алгысы келип…
  1. Ажап эле болуптур через одно аял бирдемеси болот мен деле өч алам деп жүрөм

Comments are closed.

Яндекс.Метрика