Саясат

Мыйзам бузуп шайлоодон четтетилген Ыргал Кадыралиева кайра депутат болот

Жогорку Сот Ыргал Кадыралиеваны Ак Бата партиясынан талапкерлердин тизмесине кайрадан кошту. Бул тууралуу анын өкүлү Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, эми Ыргал Кадыралиева мандат алышы керек. Ал тизмеде 4-орунду ээлеген. Ак Батанын лидери Нариман Түлеев БГКдагы орундарды бөлүштүрүүдө Кадыралиева депутат болоорун тастыктады. Эскерте кетсек, Ыргал Кадыралиева Бишкек АШКнын чечими менен шайлоого катышуудан четтетилген. Ал тамак-ашты шайлоочуларга бекер тараткан. Ага шайлоо өнөктүгүн өткөрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жазуу жүзүндө эскертүү берилген.

11-апрелде Кыргызстанда референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешине алты партия кирген:

Эмгек (13,87 пайыз), Ак Бата (12,15 пайыз), КСДП (10,7 пайыз), Ата Журт Кыргызстан (9, 63 пайыз), Биздин Эл (7,73 пайыз), Ынтымак (8,3 пайыз).

Яндекс.Метрика