Нариман Түлеев мэрликтен кетти. Ордуна ким келет?

2 күн мурун Бишкек мэринин кызматын убактылуу аткаруучу болуп келген Нариман Түлеев кете турганын жарыялады. Түлеев келгендин эртеси күнү эле бир топ адам мэриянын алдына келип ага каршы митинг өткөрүп, а түгүл кабинетине чейин кирип келип «чыгып кет» деп коркутушкан.

Түлеев болсо Азис Суракматовдун сунушу менен келгенин билдирген. Андан кийин «Садыр Жапаров кет десе кетем, кал десе калам» деп журналисттерге жооп берген.

Буга чейин интернетте Бишкек мэрлигине талапкер деп «Мекенчил» пратиясынын 38-катардагы талапкери Төрөкан Жунусбеков аттуу жаран пайда болгон. Жалпыга маалымдоо каражаттары тараткандай ал «кесипкөй митингчи» атка конгон. 2007-жылдан бери түрлүү митингдерге катышканын айтышууда. Акыркы жолу эски аянтта Садыр Жапаровдун тарапташтарынын арасында көрүшкөн.
Болжол менен ушул адам мэрликке келээри күтүлүүдө. 21-октябрдагы Түлеевге каршы митингди дагы ушул адам уюштурганын айтышууда.