Нариман Түлеевге кызмат берилди
Нариман Түлеев Бишкектин биринчи вице-мэри болду. Бул тууралуу буйрукка шаар башчысы Азиз Суракматов кол койгонун 20-октябрда мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка мэр Азиз Суракматов кол койду. Буга чейин бул кызматты Алмаз Бакетаев аркалап келген.
2008-жылы шаардык кеңештин депутаттарынын кезексиз сессиясында Түлеевдин талапкерлиги Бишкек шаарынын мэрлик кызматына талапкерлиги бир добуштан кабыл алынган. 2010-жылы “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясынан тизме боюнча депутат болуп шайланган.