Нарын-Бишкек каттамындагы жүргүнчү өзү келе жаткан унааны МАИге салып берди
Кечээ, 22-сентябрда саат 14:45те РИИБдин Чүй облусунун жол кайгуул кызматынын расмий баракчасына Нарын-Бишкек каттамында такси айдап келе жаткан 1987-жылы туулган айдоочуга даттануу түшкөн. Андан кийин айдоочу токтотулган.
«Саламатсыңарбы! Такси катуу ылдамдыкта жүрүп, авариялык абалды жаратып жатат. Акырын десек укпайт, кайра биз менен мушташам дейт. Азыр Боомдогу кафедебиз. Биз Бишкекке баратабыз. Сиз геолокацияны колдонуп, радардын жардамы менен фактыны тастыктай аласыз. Бизге өмүр керек! Биз ал жакка кырсыксыз, аман-эсен жетүүнү каалайбыз», — деп жазган жүргүнчү.

Облустук жол кайгуул кызматы билдиргендей, инспекторлор Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда бара жаткан Toyota Previa үлгүсүндөгү унааны токтотушкан.
«Такси айдоочусу 1987-жылы туулган Б.А.И. менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле, «Коопсуз шаар» долбоорунун камералары аныктаган бир катар төлөнбөгөн айыптар аныкталды. Буга байланыштуу унаа айып жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.
