Жаңылыктар

Нарында келин 3 баласы менен ууланып калды

Нарын облусунун Кочкор районунда бир үй-бүлө көмүр кычкыл газына ууланып калды. Бул туралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

19-декабрда Теңдик айылында бир аял жана анын үч кызы каза болду. Беш жаштагы бала тирүү калып, аймактык ооруканага жаткырылды.

Окуя болгон жерге келген ыкчам-тергөө тобу зомбулук менен өлтүрүлгөн белгилерди тапкан жок. Өлүмдүн алдын-ала себеби — көмүр кычкыл газына уулануу. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Тирүү калган баланын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Жакынкы күндөрү аны медициналык мекемеден чыгаруу пландалууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, аял күйөөсү менен ажырашып, Теңдик айылына балдары менен келген. Алар эки бөлмөлүү үйдө жашашкан.

Яндекс.Метрика