Кызыктуу

Назира Айтбекова: «Чоңдор эмне эле креслого шашат десе…»

Назира Айтбекова Бишкек шаарынын вице-мэринин кабинетине барып, креслосуна отуруп кандай сезимдер калганын айтып берди.

«Барктап бир турса кең Мекен, башкарып коюш эмне экен?! 🤪…..дееееп эле деген жакшы сөз бар го! Болгон чындыкты айтып туруп, аягын ошентип жууп коесуң! “Креслого эле эмнеге шашат ? Эмне эле ушул “креслонун” тегерегинде ызы — чуу , интрига жаркөптөй кайнайт? “ дедим да Жамалбек Ырсалиев дин кабинетине татынакай эринбей барып, алакандай болгон (анан эмне казандай беле?!) көчүгүмдү коюп , олтуруп, ары — бери тегеренип,

секретаршага кайра — кайра кызылдан чайды куйдуруп, тердегиче балдан салып алып ичип, чоңдун образын, чоңдордун бир аурасын, ошолор сезген ырахатын сезип көргөнгө аракет кылдым! Аракет кылдым, бирок сахнадан, эфирден, элден алган ырахатыма жетпейт экен!

Ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө болсо керек да! Бир аз жумшак, ыңгайлуу эле болбосо, чекем жылып, мүйүз өсүп, сөөгүм деле агарып кеткен жайы жок. А балким эшикти тыкылдатып кирип “Можно, Назира Темирбековна!” деп, айланчыкташып, көзүмдүн агы мн кошо тегеренишип, ийиктей имерилип, илебине дан бышырып турса, жагат беле деп да ойлондум.

Бийлик, байлык көксөбөй, көкүрөгү толо болгон, көзү тойгон, топук болгон деле эл көп. Көзүңөр аккыча кырылып , көчүгүңөрдү эле креслого тууралай бербей, анда — санда эл нанын эле жей бербей, эл камын ойлоп тургула! А баса, Жамалбек мырза мн маек жакында каналыма чыгат. Акмалап туруңуз!»

Яндекс.Метрика