Кызыктуу

Назира Айтбекова: «Эркек отузга чыгып үйлөнө элек болсо анда гей деп ойлошот…»

Актриса Назира Айтбекова кезектеги «чуулгандуу» билдирүүсүн жарыялады. Ал кыргыз коомуна сиңип калган адаттар тууралуу жазды.

“Жакшы күйөөгө тийип ал!” дей берип , кээде тийип кете жаздап атам. 🤪 Дебей эле коюшса ээ? Кыргыз кыздары ушул сөздөн качып эле иши кылып чалды — куйду эрге чыгып алышат! Кыздар эле дейин десем, бул азапты эркектер деле тартат экен. Кечээ бир жигит “Отузга чыгып, үйлөнө элек болсо, гей го анда!” деп айтышат деп “ Орус кыз менен жашайт” деген сөз чыгарып алдым дейт. Жомоктордо “Эрге тийип, же аял алып бактылуу жашап калыптыыыыр” деп мээге эреже сиңирип койгон да. Кыздар сөзсүз жанагы жомоктогу принцессанын кейпинде парпыраган ак көйнөк , башына таажы кийип , эрге чыгат.

Эркектер да принц кейпинде фрак кийет. Элдин баары суктана карашат, кол чабышат. Экөөнүн кечеси болот! Жомоктогу бал өткөн сындуу! Анан сааттын жебеси түнкү 12 ни какканда “Золушка” жомогу башталат. Коомго ыктайбыз деп атып эле өзүңө эмес башкага жаккан жашоо куралат. Антким келбей жатат! Жан дүйнөм эмнени самап жатканын түшүнө элекмин! Балким бала багып алгым келип аткандыр. Балким, жөн эле төрөгүм келип аткандыр. Балким , алыстан эле сүйгүм келип аткандыр.. Балким, жашоо эрежесин өзүмө ылайыктап жасап алгым келип аткандыр…

Бир эркектин мени менен душ талашып, бутумду чоюп, жалгыз керилип жаткан төшөгүмдү бөлүшкүм келбей жаткандырмын. Бирөөнүн тамагын жасап, байпагын жууп, кызматын кылыш үчүн жаралдым деп ойлобойм. Менин оозуйпам карапайым келиндиктен, бир үйдү гана жарык кылгандан да бийик дейм. Адам баласына, ааламга жарык чачкым келип атат! Эрге тийип көрдүм. Келиндиктин доорун сүрдүм. Кайра эле ошол сууга түшөмбү анан? Бири бириңдин чегиңди бузуу, ыксыз кызганыч, уруксат бербөө башталат. Башканын жашоосуна ылайык, көз каранды болуп, байланып, кысылып жашайсың анан… Ошенткиси келгендер, ошол жашоону каалагандар , ошондон бакыт тапкандар бар! Биз ар башкабыз. Биздин окшош эмес, түрдүү тагдырыбыз болуусу керек! Сен баскан жолду мен баскым келген жок. Мен учкум келип аткандыр балким…

Яндекс.Метрика