Кызыктуу Саясат

Назира Айтбекованын түшүнө Садыр Жапаров кирди. Ал ичип алып кыздарга кетип калды

Актриса Назира Айтбекованын түшүнө президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев кирген. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Түшүмө СЖ(авам) кирип атыптыр. Ичип алат, же кыздарга кетип калат. Аны коруйм, куткарам деп эле чуркап жүрдүм. “Накта колхоз экенсиң!” деп эле урушуп атам. “Кудай сага мүмкүнчүлүк берди. Кыргыз элин куткарып ал! Айланаң жалаң чөөлөрдөн куралып калды. Жаңы топ түз! Жакшы, билимдүү балдарды билем! Кел, люстрация кылабыз? Элдин кыжырына тийип алсаң, эл кечирбейт.

Артка жол жок. Азыр оңдоп жетишип кал! “ деп эле атам. Ага “Братым” деп кайрылганым үчүн “Сен” деп кайрылып атам. Аябай тызылдадым, безилдедим. Артыбыздан Ташиевдин балдары кууп жүрөт. Дос доско кас болот деген ушул турбайбы деп атам. Кууш жолдордон өтүп , качып жүрөбүз.

Ойгонуп алып таң калдым! Кудай берген мүмкүнчүлүктү ыксыз пайдаланганы үчүн жиним келип атат чын эле. Дос, тууганын эле кое бербей, чыныгы адистерден командасын куруп, “Эл сүйүп колдоп атса, мээм жетпесе дагы элдин тынчтыгы үчүн караан болуп башыңарга туруп берейин.

Силер мага жардам бергиле! Өлкөбүз меники эле эмес баардыгыбыздыкы. Чогуу жардан сүйрөп чыгалы!” десе сонун болмок да! Улам ката кетирип, улам артка кетип, улам абройун төгүп атат. Чын жүрөгүнөн , чын ыкласы менен көр пенделигин таштап, күйүп — бышып иштесе, биз деле жинди эмеспиз да! Колдон — буттан алып, көмөк болбойт белек ээ?

Референдуму жок эле кайра — кайра суранып , падыша кылмакпыз. Бүгүн Референдумду өткөрүп алып, эртең эчтеке жасабаса, эл Референдумуңду уруп ойнобойт! Көчүккө тээп, эзели кыргыз жерин тебелегис кылат! Референдум өтсө эле тактымды бекемдейм деген жаңылыштык!

Яндекс.Метрика