Саясат

НДПК партиясы Бишкек шаардык кеңештен кол жууду

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы НДПКпартиясын Бишкек шаардык кеңешке мандат үчүн жарыштан чыгарууну чечти.

Чечимде шайлоо күнү, 11-апрелде Айбек аттуу адам ушул партияга добуш бергендерге 100 сомдон таратып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөнү айтылат. Ошол эле күнү Ю. Берналиев менен Э. Абдыкадыров №29 мектептин жанынан (№ 1208 УШК) кармалган.

Акыркысы Биринчи Май РИИБдин кызматкерлерине 2 миң сомдон берген. Берналиевден 18799 сом акча алынган. АШК партиянын паракорчулукка тиешеси бар деп чечим чыгарган. Саясий уюм өзү бул чечимди негизсиз деп атап, сотко кайрылууну көздөп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин баш калаадагы Ленин районунун экс-акими Чынасыл Чыныбев менен административдик ресурсту колдонгон окуя болгон, жана бул тергөө тарабынан аныкталган. Эмгек партиясынан талапкер Токтосун Султановго бюджеттик каражаттарды которгону үчүн соттолгон. Бирок, Бишкек АШКсы бул факты боюнча эч кандай чечим кабыл алган жок жана талапкерди жарыштан четтеткен жок.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өттү.

Яндекс.Метрика