Гороскоп

Ноябрь айына жылдыз төлгө

Бул ай кээ бирлерге ийгиликтүү болсо, кээ бирин жашоодо чоң бурулуштар күтүп турат. Ноябрь сиз үчүн кандай болот билип алыңыз.

Токту

Ноябрдын биринчи жарымы маалымат жаатында жигердүүлуктү жаратат. Бул учурда токтулар жаңы окууларды өздөштүрүп, кызыктуу турмуштук сабактарды алышат. Айдын ортосунда ишиңерди ийгилик жылоолойт. Ошондуктан убакытты текке кетирбей токтулар ар кандай окууларды окууга аракет жасалоору зарыл. Ал эми айдын экинчи жарымында алган билимди ишке, кандайдыр бир максатты ишке ашырууга жумшоо зарылдыгы келип чыгат. Кыскасы ноябрь айы токтулар үчүн ийгиликтүү. Үйлөнгөндөр бактылуу турмуш кечирип, жалгыз бойлорду жаңы таанышуулар олуттуу мамилеге айланат.

Жолдуу болосуз: 6, 7, 14, 15, 23, 24.

Бул күндөрдө абайлаңыз: 4, 5, 10, 11, 16, 17.

Букачар

Бул айда ар бир кадамды шашылбай ойлонуп таштоого туура келет. Себеби планеталардын бири бирине карама-каршы келген учуру. Турмуштук тажрыйбаңызды колдонуп, жеке мамилелерди жөнгө салууга көңул буруу зарыл. Эски тааныш жана өнөктөштөр менен жолугуп, ишкердикти улантууга сунуш түшөт. Ай бою иш жаатында ийгиликтер жаралат. Кесиптештер менен мамиле жакшырат. 

Бактылуу күндөр: 8, 9, 16, 17, 26, 27.

Абайлаңыз: 6, 7, 13, 14, 19, 20.

Эгиздер

Ноябрь Эгиздерге романтикалуу мезгил. Бул айда көп жолугушуулар, романтикалуу кечелер болот. Чыгармачыл адамдарды күзгү депрессия менен бирге чыгармачылыктын жаңы толкуну каптайт. Айдын биринчи жарымында   жеке жана ишкер мамилелерде жигердүүлүк күчөйт. Ийгилик сиздин чечкиндүүлүгүңүзгө жана активдүүлүгүңүзгө жараша болот.

Бактылуу күндөр: 1, 2, 10, 11, 19, 20.

Кооптуу күндөр: 8, 9, 14, 15, 21, 22.

Бөйөн

Бул айда бөйөндөрүй тиричилигине көңүл бурушат. Үйдүн ыңгайлуулугун чыңдап, тууган туушкандар жана үй бүлө мүчөлөрү менен карым катнаш күчөп, мамиле чыңдалат. Бул учурда конокторду тосууга, кызыктуу адамдар менен байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Айдын биринчи жарымында киреше сиздин иштегениңизге жараша болот. Айдын экинчи жарымында өжөрлүктү таштап, уруш-чатактан алыс болуңуздар.

Бактылуу күндөр: 4, 5, 13, 14, 21, 22.

Кооптуу күндөр: 10, 11, 16, 17, 23, 24.

Арстан

Ноябрда арстандар сапарга чыгышат. Бирок, Меркурийдин 6-26-ноябрдан карама-каршылыктуу таасири алардын жолун кооптуу кылат. Ошондуктан айдоочуга жана сапарлаштарга көңүл буруңуздар. Айдын биринчи жарымында спорт жаатында ийгиликтер жаралат. Айдын экинчи жарымында чечкиндүүлүгүңүз күчөп, чечилбеген маселелер чечилет. Айдын экинчи жарымы спорт менен машыгуу ден соолукка жакшы таасир берет.

Бактылуу күндөр: 6, 7, 14, 15, 23, 24.

Кооптуу күндөр: 12, 13, 19, 20, 26, 27.

Бийкеч

Планеталардын жайгашуусу финансылык жактан киреше кирүүсүнө өбөлгө түзөт. Бул айда пайдалуу келишим түзүүгө шарт түзүлүп, керектүү буюм тайымдарды сатып алууга акча табылат. Үй-жайга ыңгайлуулукту түзүп, туугандар менен тыгыз байланышта болосуз. Бул учурда жаңжал, чыр-чатактан алыс болуңуздар.

Бактылуу күндөр: 8, 9, 16, 17, 26, 27.

Кооптуу күндөр: 1, 2, 14, 15, 21, 22, 28, 29.

Тараза

Чолпон плангетасынын таасири менен бул айда таразаладын сулуулукка болгон сезимталдыгы күчөп, сырткы келбетке, кийим-кечектин жаңы үлгүсүнө көңүл бурушат. Ай бою таразалар өздөрүн коомчулукка көрсөтүүгө шарт түзүлөт. Айдын башында сапарларга чыгып, адамдар менен болгон мамиле күчөйт. Ишти так плдандап, айдын экинчи жарымында элдер менен тил табышып, уруш-чатактан алыс болуңуздар. Айдын аягында үйдө ремонт иштери башталат

Бактылуу күндөр: 1, 2, 10, 11, 19, 20.

Кооптуу күндөр: 4, 5, 16, 17, 23, 24.

Чаян

Бул айда көп иштөөгө туура келет, аны менен катар жакшы эс алууга убакыт табуу керек. Себеби, эс албасаңыз депрессияга түшүп, ал-күчүңүз кетет. Айдын башында жакшы иштеп акча табууга шарт бар, ал сиздердин иш-аракетке, чечкиндүүлүккө  жараша болот. Айдын экинчи жарымы мамиле түзүүгө жана өз оюңузда туруктуу кала бергенге ыңгайлуу. Антсе да уруш-жаңжалдан оолак болуңуздар.

Бактылуу күндөр: 4, 5, 13, 14, 21, 22.

Кооптуу күндөр: 6, 7, 19, 20, 26, 27.

Жаачы

Достор менен мамиле жакшырат, жаңы таанышуулар күтүлөт. Бул ай ден соолукту чыңдоого, спорт менен машыгууга, жаңы адамдар менен жолугууга, ар кандай маанидеги ишкер байланыштарды чыңдоого абдан ыңгайлуу. Киреше кирет, ошондуктан чыгымдарды эмнеге жумшаарыңызды так билишиңиз керек.

Бактылуу күндөр: 6, 7, 14, 15, 23, 24.

Кооптуу күндөр: 1, 2, 8, 9, 21, 22, 28, 29.

Текечер

Иш жаатында текечерлерге ийгиликтүү учур. Ийгилик сиздин сырткы келбетиңизге жана маанайыңызга жараша болот. Башкалардын пикири менен эсептешүү жана уруш-чатактан оолак болуу учур талабы. Иш менен эс алууну айкалыштырган оң. Жалгыздыкта эс алган оң. Айдын экинчи жарымында күчкө толуп, эмне иш болбосун шымалынып ишке киришесиз.

Бактылуу күндөр: 8, 9, 16, 17, 26, 27.

Кооптуу күндөр: 4, 5, 10 ,11, 23, 24.

Суу куйду

Окуу жаатында ийгилик жаралат. Студенттерге абдан ийгиликтүү мезгил. Чет өлкөлүктөр менен мамиле күчөйт. Тааныштар арбып,  чөйрөңүз кеңейет. Жашоодогу позицияңыз чыңдалып, ноябрда көп пландарды ишке ашыра аласыз. 15-числодон кийин эс алууга убакыт табыңыз.

Бактылуу күндөр: 1, 2, 10, 11, 19, 20.

Кооптуу күндөр: 6, 7, 12, 13, 26, 27.

Балыктар

Сүйүүдө гармония. Түгөйлөр бири-бирин түшүнүүгө ыңгайлуу учур. Максатыңызга айдын биринчи жарымында жетесиз. Иштин жыйынтыгы сиздин аракетиңизге, өжөрлүгүңүзгө жараша болот. Бул учурда иш пландарды ачык айтуу менен адамдарды өзүңүзгө ынандыра аласыз. Айдын экинчи жарымы достор менен мамиле чыңдалат жана атаандаштык сезими менен алдыга койгон иштер оңой ишке ашат.

Бактылуу күндөр: 4, 5, 13, 14, 21, 22.

Кооптуу күндөр: 1, 2, 8, 9, 15, 16, 28, 29.

Яндекс.Метрика