Октябрь окуясы боюнча Атамбаев акталды
28-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2020-жылдын октябрь окуясы боюнча иш боюнча чечим чыгарды.
Сот Убайдулла Сатимкулов экс-президент Алмазбек Атамбаевди, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагынбаевди, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду, КСДП партиясынын лидери Темирлан Султанбековду жана саясатчы Молдокматов Жеңиш акталды.

Бул иш боюнча Атамбаев менен Ниязов үй камагына бошотулган. Бирок Атамбаев мыйзамдагы ууру делген Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу камакта калтырылды.