Жаңылыктар

Онлайн окуу бүттү. Мектептер ачылат

11-ноябрдан тартып Кыргызстандын аймагындагы 1,5 миңдей орто мектепте окуу кадимки тартипте жүргүзүлө баштайт. Бул тууралуу 10-ноябрда Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Министрликтин карамагындагы жалпы билим берүүчү 2292 мектеп бар, алардын 1489унда окутуу эки апта бою тажрыйба түрүндө реалдуу режимде жүргүзүлгөнү жатат.

1-6, 9, 11-класстар кадимки тартипте окуй башташат. Эки жумадан кийин мониторинг жүргүзүлүп, эгер абал туруктуу болуп, жакшы жыйынтык көрсөтсө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана саламаттык сактоонун аймактык органдарынын макулдугу менен башка класстарга дагы реалдуу режимде окууга уруксат берилет.

Министрликтин маалыматына караганда, Бишкекте жана Ошто эпидемиологиялык абал оор болуп тургандыктан Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб жана Саламаттык сактоо министрлиги бул эки шаарда мектептерди ачылышына азырынча уруксат берише элек.

Яндекс.Метрика