Жаңылыктар

Оор жоготуу. Бексултан Жакиев дүйнө салды

«Бексултан Жакиев кыргыз маданиятынын патриархы, улут маданиятынын доору, бүтүндөй бир доор арабыздан акыретке жол алды. Кыргыз улут адабиятына титандык эмгек жасаган, улуттун унгу жузу, улуттун рух унгусу Бексултан агайбызды арабыздан жоготуп алып, арманыбыз көкүрөккө батпай турат.

Доор — адамды, адам — доорду жаратат. Бексултан агай улуттук кайра жаралуунун доору эле. Кыргыз театрынын Бакайы, дайыма жашоосунда курошчул духту туу кылып жашап өттү. Мыкты чыгармаларды жаратты. Улут театрын бийик деңгээлге көтөрдү. Мекенчилдик, чынчылдык, калыстык, акыйкаттуулук анын адамдык жашоосу эле.

Жарандык сезими, духу бийик инсан катары Улуттук баалуулуктарды, доолотторду сактоодо опол тоодой эмгек кылды. Кайран агайбыз, сөздүн чыныгы маанисинде Баатырдык өмүр сүрдү, бирок эч качан чындыгынан жанган жок. Биз дайыма агайдын акыл кебине, улуулук насаатына конок берип өстүк.

Артынан шакирттерди калтырды, узанган чулу оюн ар бир адам жүрөгүндө калтырды. Бүгүн биз кыргыз легендасын акыркы сапарга узатканы турабыз. Чыныгы Легендага айланган инсан өмүрү Түбөлүктүү!Коош, агайым, устатым, улуу Устат!» — деп жазган Султан Раев.

Яндекс.Метрика