Жаңылыктар

Оор жоготуу. Жыпар Жекшеев коронавирустан каза болду

Коомдук ишмер жана саясатчы Жапар Жекшеев 74 жашында каза болду. Бул тууралуу анын туугандары кабарлашты.

Жыпар Жекшеев Улуттук госпиталда коронавирустан дарыланып жаткан, жакында эле анын абалы оор экени айтылган. Ал бүгүн түнү көз жумду.

Өмүр баяны:
Жыпар Жекшеев 1947-жылы 24-майда Ысык-Көлдүн Түп районундагы Талдысуу айылында туулган. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, Мамлекеттик искусство институтун жана Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн.

Бир нече жыл бою ал Ысык-Көл облусунун көркөм фондун жетектеген, «Кыял» искусство жана кол өнөрчүлүк ассоциациясынын окутуучусу жана Кыргызстандын Маданият министрлигинин курстарында иштеген. 1990-жылдардан бери ал саясатка активдүү катышып баштаган.

1993-жылы «Кыргызстан Демократиялык Кыймылы» партиясын жетектеген;
1995-2000-жылдары — Жогорку Кеңештин депутаты, Мамлекеттик кызматчылардын адам укуктары жана этикасы боюнча комитеттин төрагасы;
2005-жылы март окуясынан кийин Бишкек шаарында жана Чүй облусунун чектеш аймактарында жерди мыйзамсыз басып алуу менен түзүлгөн кырдаалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болуп дайындалган;
2017-2019-жылдары КТРКнын Байкоочу кеңешин жетектеген.


Президенттикке өз талапкерлигин койгон. Ал үч китептин жана өлкөнүн коомдук жана саясий турмушундагы көйгөйлөр боюнча 100дөн ашык макалалардын автору.
Жапар Жекшеев «Даңк» жана «Манас-1000» юбилейлик төш белгиси менен сыйланган. Жаткан жери жайлуу болсун..

Яндекс.Метрика