Оор жоготуу
5 — июль күнү оорудан улам «Азаттык» радиосунун журналисти Бүбүкан Досалиева каза болду. Бул тууралуу анын жакындары социалдык тармакка жазып чыгышты. Мунун менен кыргыз маданий коомчулугу, журналистикасы жана “Азаттык” үналгысынын жамааты орду толгус оор жоготууга учурады.

Ал 62 жашында дүйнө салды.
Бүбүкан Досалиева белгилүү журналист, илимпоз, саясат таануучу, педагог. Ал саясат таануу боюнча илимдеринин кандидаты. Жусуп Баласагын атындагы КУУда жана БГУда журналистика кафедраларында иштеп, жаңы муундагы көптөгөн журналисттерди тарбиялаган.
Ал 1995-жылдан бери «Азаттык» радиосунда иштеп келген.
2020 -жылы белгилүү адамдар биринин артынан бири дүйнө салышууда.