Жаңылыктар

«Оору күчөп кетсе карантин киргизебиз!» Садыр Жапаров кайрылуу жасады

Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүн Бишкек менен Чүй облусунда Ковид-19 менен ооруп жатышкан жарандарыбызды көрүп келдим.
Албетте, оорулуулар көп.
Бирок эч кандай карантинсиз эле абалдан чыгып кетебиз деген максатыбыз чоң.
Кудай буюрса, баары жакшы болот.


Сиздерден бир гана сураныч, дайыма эрежелерди сактап, бет кап кийип жүрүңүздөр. Оорунун белгилери пайда болору менен үйдө жатып албастан, дароо ооруканага жөнөңүздөр.
Оору башталганда барсаңыздар дарыгерлер бир же эки күндүн ичинде таптаза айыктырып чыгарып жибере турган дары таап алышты.
(Видеоматериалдан дарысын билсеңиздер болот)

Ошондуктан өз ден-соолугуңарга кайдыгер карабай дароо райондук же шаардык ооруканаларга кайрылгыла. Тез эле айыгып чыгасыздар.
Бүгүн мен кыдырган «кызыл зонадагылардын» дээрлик баардыгы үйлөрүндө жата беришип, күчөп кеткенде келишкен. Албетте, оор акыбалда жандандыруу бөлүмдөрүндө жатышат.


Анан, эң негизгиси, кайдыгер болбой вакцина алгыла.
Райондордун борборлоруна, облустук ооруканаларга, Бишкек шаарында жайгашкан вакцинация жасай турган жайларга барып, эмдөөдөн өткүлө. Бүгүнкү күндө республика боюнча болгону 4000 жаран вакцинация алыптыр.
Өтө кайдыгерлик.
Кудай анын бетин ары кылсын, кокус оору күчөп кетип, алыбыз жетпей бара жатса, айла жок карантин киргизүүгө туура келет. Карантиндин кесепети эмнеге алып келээрин былтыр жакшы билдик.
Ошондуктан активдүү болуп, ооруп калсаңар үйдө жатып албай, дароо ооруканага барып, ар бирибиз өзүбүздү өзүбүз коргойлу, мекендештер!

Яндекс.Метрика