«Ордо» партиясынын лидери Чүйгө башчы болду

Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койду. «Ордо» партиясы менен парламенттик шайлоого кпатышкан Мирбек Мияров өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган чечим кадрдык потенциалды жаңыртуу жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынды.
Мирбек Мияров 1984-жылы Чүй облусунун Жетиген айылында төрөлгөн. Инженер-менеджмент адистиги боюнча жогорку билим алган.