Дүйнөдө

Орхан Инанды Түркияда камакта жатат

Түрк президенти Эрдоган бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан «Сапат» билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялады. Буга чейин Кыргызстанда Инандыны табууну талап кылган митингдер өткөн болчу.

Милициянын аны издөө аракетинен майнап чыккан эмес.Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 5-июлдагы элге кайрылуусунда Орхан Инанды тууралуу үн катты.

«Улуттук чалгын уюмубуз өзгөчөлүү жана сабырдуу иш-аракеттердин натыйжасында ФЕТОнун Борбор Азия боюнча башкы жооптуу өкүлү Орхан Инандыны биздин өлкөгө алып келип, сот тармагына өткөрүп берди.

Бул мамлекетке жана улутка чыккынчылык кылган, буктурмага кабылган, кан төккөн, материалдык жана моралдык зыян келтирген бир дагы түзүмдүн жашоосунун улантышына жол бербейбиз. Бул киши ФЕТО кыймылынын жогорку башкаруучуларынын катарына кирип, ФЕТОнун кир акчаларын Борбор Азияга жумшаган. Башка террордук уюмдар менен күрөшкөндөй эле ФЕТО менен да күрөштү улантабыз», — деди Эрдоган.

Видео:

Яндекс.Метрика