Жаңылыктар

Орхан Инандыны 35 күн бою кыйнап, колун сындырышкан

«Сапат» муниципалдык билим берүү мекемесинин уурдалган директору Орхан Инанды 35 күн бою кыйноого алынган. Бул тууралуу адвокат Таалайгүл Токтакунова Түркиядагы кесиптешине шилтеме берүү менен социалдык тармактарда жазды.

Анын айтымында, ТР маалымат каражаттары чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратып жатышат.

«Менин кесиптешим Стамбулдан келген адвокат Орхандын айтымында, Инандыны 35 күн бою кыйнашкан, колун сындырып алышкан (сүрөттө колунун сынганы көрүнүп турат).

Ага карабастан, ал эч нерсени мойнуна алган жок, анткени ал эч кандай мыйзамсыз уюмдун мүчөсү эмес жана эч кандай мыйзамсыз аракеттерди жасаган эмес. Анын күнөөсү — ал Кыргызстандын аймагында мыкты мектептерди ачып, лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнө жаркын келечек үчүн мүмкүнчүлүк бергендигинде», — деп жазган Таалайгүл Токтакунова.

2021-жылдын 5-июлунда Президент Режеп Тайип Эрдоган мамлекеттик ТРТ Хабер телеканалынын эфиринде ФЕТОнун жогорку лидерлери деп аталган Орхан Инанды колго түшүрүлүп, Түркияга алып кеткенин айткан.


Орхан Инанди 2021-жылы 31-майда жоголгон. «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президентинин жубайы Рейхан Инанди төрт жолу президент Садыр Жапаровго жолдошун издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.

6-июлда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров берген маегинде өкмөт Инанды Кыргызстанга тез арада кайтарып берүүнү талап кыларын айткан. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги түрк элчисине нота тапшырып, Инандыны мекенине кайтып келүүгө чакырган.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы «Сапат» муниципалдык билим берүү мекемесинин директору Орхан Инандынын кош жарандыгы бар экендигин билдирген. Анкара сотунун чечими менен ал камакка алынган.

Яндекс.Метрика