Орус тилин расмий тилден ажыратуу сунушталды
Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешмеде Кыргызстанда кыргыз тилинде гана атайын макам болушу керектиги тууралуу сунуш айтылды.

Мындай сунушун коомдук ишмер Садирдин Төралиев киргизди, анын себебин кыргыздар эне тилин унутуп баратканы менен түшүндүрдү.
«Радикалдуу сезилиши мүмкүн, бирок ойлоно турган иш. Конституцияга мамлекеттик жана эл аралык деп кыргыз тилин жазышыбыз керек. Дүйнөнүн 60% ашыгы англис тилинде сүйлөйт. Оруска көнүп калып, чыга албай жүрө берсек, менимче, болбойт. Адамдын табияты ошондой – муктаждык болбосо эч нерсе үйрөнбөйт, иштегиси да келбейт, жата берет. Антпесек кыргыз кыргыз болбой кала турганбыз».
Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик, орус тили расмий тил деген макамга ээ.
Кеңешменин бүгүнкү жыйынында англис тилине да расмий макам берүү керек экендиги айтылды.