Окуялар

Орусча билбей коомдун шылдыңына туш болгон кыздын кайгылуу каты жүрөктү оорутту

Өз өлкөсүндө жүрүп орус тилинде сүйлөй албаган мекениндешибиздин жүрөк ооруткан каты көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ал Бишкек шаарында орусча билбегендиктен бир топ тоскоолдуктарга туш болорун айтып чыкты. Ал коомчулукка кайрылып төмөндөгүдөй кат жазган:

«Бүгүн эртеден бери маанайым түшүп, башым ооруп отурам, себеби: Эртең менен эрте турдум, көңүлүм жайдары өзүнчө эле. Айылдан акча жөнөтүшкөн апамдар, «эл катары жакшы кийим алып кий, силер кийинип ичинип, силер окугула» деп телефондон сүйлөштүк.

Сүйүнүп окуу башталгыча англис тили курсуна да жазылам деп деп ж.б толтура план түзүп алып жолго чыктым, акча алуу учун банкка кирдим, банкта иштеген кыздар орусча «талон менен кир» деп айтышты, биринчи орусча түшүнбөй бир аз туруп калдым, анан барып талон алып кезекти күттүм.

Кезегим жеткенде тиги кыздар дагы орусча сүйлөдү эле «акча которушкан» деп паспорт менен кодду кагазга жазып көрсөтсөм кыздар күлүп шылдыңдагандай көз менен карап калышты, ызаланып кеттим.

Анан кассага өтүп акчамды алып чыгып кеттим. Маршруткага түшүп үйгө жөнөдүм, арттагы орун бош экен барып отурдум, отурсам эле артыман орус аял келип эле кыйкырып өкүрүп мени ордуман тургузуп урушуп, мени түрткүлөп өзү мен отурган орунга отуруп алды.

Жөн эле айтса деле бошотуп бермекмин, дагы ызаландым. Орусча билбей ызаландым, өзүмдү коргой албай калганыма ызаландым. Кайра Кыргызстанда жашап эмнеге кыргызча эле болсо болбойбу деп да ойлодум, жиним келди, бир күндүк пландарымды жокко чыгарып үйгө кетип калдым.

Бир күндө 2 жолу эл алдында басынып калып кечке эсимден кетпей жаман болдум. Башка өлкөдө болсо да мейли эле, өз мекенимде жүрүп ушундайга кабылганым аябай окүндүрөт.

Кимде ушундай окуялар болду эле? Бишкекте орусча билбегенден кийин билген тилимди колдонуп эле Турцияга иштеп кетсемби окуу деп акча коротуп, убакыт коротпой деп ойлонуп калдым, анын үстүнө Бишкекте жашаган адамдар орой, бой которуп турушат экен, жаман көздөрү менен карашып. Аноним болсунчу»-деп жазылат катта.

3 thoughts on “Орусча билбей коомдун шылдыңына туш болгон кыздын кайгылуу каты жүрөктү оорутту
  1. Конул бурба киргиздерге,орус тилин оз тилинен бийик туткан манкурттарга,бул сезгенге жийиркеничтуу

Comments are closed.

Яндекс.Метрика