Дүйнөдө

Орусияда 20 жаштагы кыргыз жараны 16-кабаттан кулап каза болду

Екатеринбург шаарында кыргыз жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгиленгендей, каргашалуу окуя кечээ кечинде Седов көчөсүндө болгон. №53 үйдүн короосунан 20 жаштагы Кыргызстандан барган мигранттын сөөгү табылган.Алдын ала маалыматтар боюнча маркум 16 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кеткен.

Былтыр ал Екатеринбургга Кыргызстандан келип иштегени белгилүү болгон. Анын агасы Седов көчөсүндө жашайт. Маркумдун сөөгү табылардан бир нече саат мурун туугандарына чек аралардын жабыктыгынан улам көпкө чейин көрө албаган сүйүктүүсүн, анын ичинде баардыгын жакшы көрөрүн билдирген билдирүү жөнөткөн.

Яндекс.Метрика