Жаңылыктар

Орусияда 7 жашар уулун 300 миң рублга саткысы келген кыргыз аял соттолду

Екатеринбургда 25-апрелде Жогорку Исецкий соту 7 жаштагы уулун сатууга аракет кылган 37 жаштагы Кыргызстандын жараны Наргизага карата өкүмүн чыгарды.

«Комсомольская правда» билдиргендей, ал Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин 1-бөлүгүнүн («Өзүнө материалдык жана башка жактан көз каранды экендиги белгилүү болгон жашы жете элек баланы сатып алуу-сатуу») боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды.

2022-жылдын августунда «ВКонтакте» социалдык тармагында баланы 300 миң рублга сатуу жарнагы пайда болуп, «Альтернатива» кыймылынын ыктыярчылары аны байкап калышкан. Алты күн бою алар апасы менен “сатып алуучулар” атын жамынып жазышып турушкан.

Баланы ала турган болгондо алар баарын милицияга билдиришкен. Андан соң аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бала балдар үйүндө жашап жатат. Кыргызстандагы туугандарына берүү маселеси чечилип жатат. Орусиянын Тергөө комитетинин тергөөчүсү Денис Загоруйдун айтымында, Наргиза өз кылыгын уулуна «жакшы жашоону» каалаганы менен түшүндүргөн.

«Ал ага жакшы билим бере алган жок, анткени анын каржылык мүмкүнчүлүктөрү жетишсиз экенин түшүнгөн. Окуу китептерин сатып алуу, репетиторлорго акча төлөө жөнүндө сөз болуп жатат. Аялга бала багуу кыйын болду, анткени баладан тышкары анын экинчи жолдошунан кичүү кызы да бар, андан тышкары Россиядан тышкары жашаган мурунку күйөөсүнөн эки баласы бар. Бала аны башка үй-бүлөгө саткылары келгенин билген эмес. Апасы уулуна өз атасына «сапар» күтүп жатканын айткан. Ал так кайда барат, бала түшүнгөн эмес», — деди тергөөчү маегинде.

Яндекс.Метрика