Жаңылыктар

Орусияда кыргыз жараны мүрзөнүн жанында кызды зордуктап андан кийин өлтүрүп салган

26-июлда Орусиянын Краснодар облустук соту Кыргызстандын жараны Бекмат Ж.га карата өкүм чыгарганын соттун басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш 2022-жылдын 20-августунда Сочидеги муниципалдык көрүстөндө болгон. Кечки саат бештер чамасында көрүстөндүн жанында жүргөн кыргыз жигиттине жардам сурап кыргызстандык кыз кайрылган. Ал аны ошол жерде иштейт деп ойлогон. Ал чоң энесинин мүрзөсүн таап берүүнү суранган.

Айыптоочу тараптын айтымында, Бекмат жардамга келип, аны көмүлгөн жерге чейин узатып, андан соң кол салган: кызды зордуктап, андан соң муунтуп өлтүргөн. Андан кийин ал кыздын буюмдарын, анын ичинде банктык картасын дагы алып кеткен. Кийинчерээк азык-түлүк дүкөндөрүндө ал карта менен төлөп турган.

Кыздын өлүмү чоң энесинин мүрзөсүндө болгон. Бекмат өзү кылмыш учурунда мас болгон.

Сотто адам өкүнүп, өлтүрүлгөн аялдын апасынан кечирим сураган.

Жыйынтыгында ал 131-берене (“Зордуктоо”), 132-берене (“Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер”), 105-берене (“Киши өлтүрүү”), 158-берене (“Уурдоо”) боюнча күнөөлүү деп табылган. Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык ал 19 жылга эркинен ажыратылган.

Сот ошондой эле жабырлануучунун моралдык зыяндын ордун толтуруу, материалдык чыгымды жана сөөк коюуга кеткен чыгымдарды өндүрүү боюнча жарандык доолорун канааттандырды.

Өкүм мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Яндекс.Метрика