Дүйнөдө

Орусияда кыргыз жараны суукка тоңуп каза болуп калды

Орусияда кыргыз жараны суукка тоңуп каза болгонун Акыйкатчынын Уссурийск шаарындагы өкүлү Бакыт Садиров билдирди.

Анын айтымында, 20-декабрда Приморск аймагынын Октябрь районундагы Степное айылында Ош облусунун Араван районунун тургуну 1985-жылы туулган Э.А. тоңуп калган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жыгылып, өз алдынча тура албай калгандыктан ошол жерде тоңуп каза болгон. Мекендештер анын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн документтерди топтошкон. 25-декабрда сөөк мекенине жөнөтүлөт.

Яндекс.Метрика