Дүйнөдө

Орусияда учуп бараткан учак дайынсыз жок болуп кетти

Бүгүн, 6-июль күнү түшкө жуук Орусиянын Камчатка жарым аралынын аймагынан жүргүнчүлөрү бар АН-26 учагы менен байланыш үзүлдү. Бул тууралуу Орусиянын өзгөчө кырдаалдар кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, байланыш үзүлгөн АН-26 учагы Петропавловск-Камчатка-Палана багыты боюнча учуп бара жаткан. Учак менен байланыш Палана аймагында үзүлгөн. Ал убакта учак жерге ылдыйлай баштаган.

Учкуч учуу учурунда бортто көйгөй жаралгандыгын айткан эмес. Прокуратуранын маалыматы боюнча, учакта 29 адам болгон. Анын ичинен 23ү жүргүнчү жана 6оо экипаж мүчөлөрү.

Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү Палана шаарынын тургундары. Бортто шаар башчысы Ольга Мохирева дагы бар. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар кызматы учак деңизге кулашы мүмкүн деп болжолдошууда.

Бул көрүнүш пилоттук катачылыктан улам келип чыгышы мүмкүн. Орусиянын аба транспорту агенттиги окуя болгон жерде аба ырайы татаал экендигин жарыялады.

Ошол эле учурда синоптиктер 300-600 метр бийиктикти үзгүлтүксүз булут каптап тургандыгын, бирок горизонталдык көрүнүш жакшы бойдон калгандыгын, шамалдын күчү секундасына 2-8 метрди түзгөндүгүн айтышкан.

Яндекс.Метрика