Видео Жаңылыктар

Орусиядан бир күн мурун келген. Ошто кыз аскадан кулаган видеосу тарады

Ош облусунун Кара-Суу районунда кыз аскада жайгашкан көпүрөдөн кулап кетти. Кадрларда кыз көпүрөдө жигит менен турганы көрүнүп турат. Бир нече секунддан кийин ал туңгуюкка кулап кетти.⠀

Бул маалыматты Ош облусунун Ички иштер башкармалыгы тастыктады. «Окуя 25-мартта болгондугу такталды, күбөлөр нөөмөт станциясына саат 17.45 чамасында Төлөйкөн айылынын аймагында телефон чалышкан. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери 26 жаштагы З. Т. белгисиз себептерден улам көпүрөдөн кулап, ошол жерде каза болгонун аныкташкан. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Каза болгон адам Россиянын жараны болуп саналат. Ал каза болоордон бир күн мурун Москвадан келген», — деп жазылат маалыматта.

Видео:

Яндекс.Метрика