Кызыктуу

«Ошто колу-бутуң титиреп мага келгениң эсиңдеби?» Анжелика менен Ажара чырдашып жатат

Жакында эле ичимдик ичип алып түз эфирге чыгып, жалпы элге уят болгон жаш блогер Ажаранын акыркы чыгарган посту ырчы Анжеликанын ачуусун келтирди. Анжелика Ажарга карата төмөндөгүдөй билдирүү жазган:

«Жаштык дебейли! 18-19 жаштагы кыздар, балдар Москвада түрмөдө подстава менен 15-20 жылга камалып отурушат! Нормалдуу көрүнүш эмес! Эмне болуп жатканын түшүнбөгөнгө чейин ичип , эми мени менен айтышып жатат!Мен бул кыздын ата-энесине кайрылам.

Себеби, бул кызды тез арада үйгө алып барып, мээрим төгүп, колундагы телефонуна оюндагы нерсени жаза берген болбойт экенин айтыңыздар. Кыз Ысык-Көлгө качып кеткен. Окуя мас абалында болгон. Азыр соо болсо дагы жакшылык каалаган адамга асылганын койбой жатат. Ютубта толугу менен бир сааттык видеосу жүрөт .

Мен башын көрүп эле токтоттум дагы дароо сториске кызды кырк үйдөн тыюуу керек деп , смайлик менен ачык денесин жаап жаздым. Кызыңыздардын эфирде эмне болгонун көрдүңүздөр. Кудай сактаптыр , ою жаман адамдар суранган нерсесин жасап салбаганына.

Кыргыздарды тилдегени үчүн гана мен бир кечирим постун элдин ачуусун басууга сурангам. Эмне деп жазышты билбейм деп байкуш болуп, мага улам асылып ( өзү ойлогондой ) хайп жаратып жатат. Кайрылуу Ажарга: Менден сага каалашыңча посттор, жарнамалар бекер болот. Эгерде мурдагыдай кайрымдуулукка басым жасап, оңолуп кетсең.

Ошто мага келгениңде көзүң айнекке окшоп каректерин капталды карап, өзүң бир орунда турбай , колу-бутуң титиреп турганын эсиңдеби?Мен сени жакшы кыз экен деп СЫЙЛЫК БЕРГЕМ. Мен аракетчил жаштарды колдоп келем!!! Кеп адамдын ичип, эс алганында эмес, жасаган ишин мойнуна алып, оңолуусунда болуп жатат! Мени 2 млн катталуучусуна чыгарды дегенди кандай түшүнсө болот?

Ким менин баракчаман же сторисимен бул кыздын ватсапта тараган видеосун көрдү???Сен акыркы постуңа 500сом ойнотуп, мени өзүңдөй көрбө. Жаңылып айткан сөз менен унитазда жуунуп калган видеоңду салыштырба! Супер твга атайлап мени айтканында унчуккан эмесмин.

Мен билем , сени өспүрүмдөр колдоп жатат. Анткени, алар көбүнчөсү улуулардын айтканын уккусу келбеген курактагылар.Сен азыр мени жамандап, өзүнө мактоо сөзүн жаздырууну максат кылбай, ата -энеңдин барып бутун өп! Туугандарың менен бир аз болуп кой.»

Анжеликанын минтип жазгандарына Ажаранын акыркы жазган билдирүүсү себеп болгон.

«Ушул кундон баштап артка кайтпай, жон гана жаны максаттар менен жашайын деп чечтим…Мага жаман комментарий жазган адамдарга гана жооп берип суйлосом да, кобу озуно жакын алды. Мени мурда жакшы коргондор да журогуно жакын алып капа болушкандыр, бирок канча озуму жемелесем да, башка жолду таба албай, кечирим гана сурай алдым…

Депрессия, стресс оорулары.. озумо кол салайын деп турганда, сиздердин, блогерлердин колдоосун коруп, жаны сезимдер пайда боло баштады.. Бул нерселерди душманыма да каалабайт болчумун.

Мага айтылган сын пикирлерди кормомушко эле салып койгондон башка арга жок болчу, бирок 2 млн катталуучусу бар аккаунтка жуктолгондо, кантип эле тема кайра козголбой койбойт?Жаш болобу, улуу болобу айырмасы жок, баары байкабай ката кетирип алышын баарыбыз жакшы билебизго?

Новостной сайттарда, ар кандай талкуу болгондо, ютубга ар кандай видеолор чыгып, хейтерлер: уй-було туурасында толтура жаман создор жазылганда же создон адашып «ыйык микрофон» темасы чыкканда, кандай оор болот, кандай сезимдер болот, муну башынан откондо гана адам бироонун сезимин кайрадан тушуно алса керек деп ойлогом.

Личкага эле: «Жакшы жур, сен абийиринди токтун бирок ал нерсе артка кайтпайт ж.б.» создорду жазган менен, «Атактуулукту которо албагандар…, Аллах ыйман сабыр бер ж.б.» дегендин айырмасы чон.Ыймандуу адамдар да жанылыштык кетирет…» — деп жазган Ажара Алишер кызы.

Яндекс.Метрика